15:40, 09 февраля 2022, 24.kg

Баш прокурор УКМКнын тыңшоо жана камера коюу демилгесине каршы

Башкы прокурор Курманкул Зулушев УКМК демилгелеген жарандарды соттун чечимисиз тыңшап, жеке менчик жайларына жашыруун камера коюу боюнча мыйзам долбооруна каршы пикирин айтты. Ал маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.
 
7-февраль күнү Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда караган. Бирок айрым депутаттар бул сунуш Баш мыйзамга каршы келерин айтып, четке кагууга чакырган.
 
«Менимче, тыңшоо иштери соттун чечими менен гана ишке ашырылышы керек. Бул мыйзам кандай максатта демилгеленгени менен таанышып чыгайын. Андан соң гана толук оюмду айтам, негизи адамдын укугу, жеке жашоосу кол тийгис болушу керек. Андыктан соттун чечими зарыл. Бул мезгилдин дагы, мыйзамдын дагы талабы», — деди башкы прокурор.
 
Аталган мыйзамдын долбоору ачык булактарга жайгаштырыла элек.
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18