13:43, 08 февраля 2022, 24.kg

Садыр Жапаров Ош базарынын соодагерлерине кассалык аппарат тууралуу айтып берди

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Ош базарын кыдырып жүрөт. Журналист Жоодар Бузумовдун Фейсбуктагы баракчасындагы түз эфирде Жапаров көзөмөл кассалык аппараттар (ККМ) жана базардын абалы боюнча барганы айтылууда. Соодагерлер президентке базардагы орун, санитардык күн сыяктуу маселелер менен кайрылып жатышат. Жапаровдун жанында Бишкек мэри Айбек Жунушалиев да жүрөт.

Президент Садыр Жапаров 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон. Бул документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субъектилеринде жапырт көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылганы айтылган. Өкмөт муну бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максаты менен негиздеген.

Буга чейин «Дордой», «Дордой Моторс» жана «Таатан» өңдүү ири базарлардагы соодагерлер кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы нааразылык акциясына чыгышкан. Ар кандай маалыматтар боюнча Бишкектеги ири базарларда эки миңдей адам жайма базарда соодагерлик кылат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18