09:57, 08 февраля 2022, 24.kg

Январь окуясын иликтөө комиссиясынын жетекчиси кыйноо көбөйгөнүн кабарлады

Январь окуясын иликтөө боюнча «Акыйкат» коомдук комиссиясынын төрайымы, адвокат Айман Омарова бул окуядан кийин кыйноо көбөйгөнүн айтууда.

Адвокат Tengrinews сайтына берген интервьюсунда: «Жөнөкөй күндөрдө мындай иш көп эмес, ошондуктан кыйноо кандай болору анча байкалбайт. Бул жолу жапырт болуп жатат», — деди.

Жакында казак бийлиги январда ашкере күч колдонуу, мыйзамсыз камоо, тергөө учурунда кыйноо колдонулган учурлар болгонун мойнуна алган.

4-февралда Казакстандын Башкы прокуратурасы тергөө учурундагы мыйзамсыз ыкмалар боюнча 148 арыз түшкөнүн кабарлаган. Кеминде 105 факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Январь окуясына байланыштуу 10 миңдей адам кармалып, жүздөгөн киши камалган. Расмий маалымат боюнча 227 киши набыт болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18