13:09, 07 февраля 2022, 24.kg

Баткенде аткаминер кол көтөргөн блогер Батмакан Жолдубаеванын арызы тергелүүдө

Блогер жана эркин журналист Батмакан Жолдубаеванын Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Алихан Ураимовго каршы жазган арызы тергелүүдө. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Батмакан Жолдубаеванын арызы каттоого алынды.

«Экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө», — дейт милиция.

Окуя боюнча Баткен облустук администрация азырынча билдирүү жасай элек.

Белгилей кетсек, 5-февралда Лейлек районунун акимиатында парламенттин фракцияларынын көчмө жыйыны өткөн. Алихан Ураимов Батмакан Жолдубаеваны жыйынга киргизбей, кол көтөргөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18