14:59, 04 февраля 2022, 24.kg

Бишкектеги № 4 оорукананын жамааты жаңы жетекчини киргизбей койду

Бишкектеги № 4 оорукананын жамааты Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Маматуллаев менен жаңы жетекчиси Гулия Кожокматова, башкы дарыгер Дамир Дүйшөновду имаратка киргизбей койду.

Эмгек жамаат министрдин орун басарын кире бериштен тосуп алып, кайра кетишин талап кылышты.

«Бул рейдерлик басып алуу. Азыр Таластан жана башка аймактардан элдер мага чалып жатышат. Силердин кадамыңар мыйзамсыз», — деди Сабырбек Жумабеков.

Анын айтымында, министерлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ага атайын комиссияны түзүлөрүн маалымдаган.

«Мага сүйлөбөй тур деди. Мен макул болдум. Комиссия түзүлүп чечет. Президент келгенде чекит коюлат деди. Биз президентти күтөбүз», — деди ал.

Оорукананын дарыгерлери азыр бейтаптар дагы чыгарын айтып, Жалалидин Маматуллаевдун кетип калышын талап кылышты.

Белгилей кетсек, бүгүн Сабыр Жумабеков кызматтан алынды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18