14:16, 04 февраля 2022, 24.kg

Сот Орхан Инандыны камакта калтырды

3-февралда Түркиянын башкалаасы Анкарада Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инандынын кезектеги соту өттү. Бул тууралуу түрк ЖМК билдирет.

Сотто Орхан Инанды ушул жашка чейин эч кандай мыйзамсыз иш-аракеттерге барбаганын айткан. Ошондой эле ал Кыргызстанга «Сапат» билим берүү мекемелеринде иштөө үчүн барганын, 2001-жылдан бери бул мекемелердин директорлор кеңешинин төрагалыгын аркалаганын билдирген.

Орхан Инанды Түркиядагы төңкөрүш аракетин айыптап, аны жасагандар жазаланышы керектигин айтты деп жазды басылма. Соттогу көрсөтмөсүндө колу операцияга муктаж экенин, соттун көзөмөлү менен бошотууну өтүнгөн. Бирок сот анын камакта кармоо чечимин күчүндө калтырып, кийинки отурумду 14-апрелге жылдырды.

Инандынын ишин Анкара шаарынын Жогорку соту карап жатат. Ага «Куралдуу террордук уюмду башкаруу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18