09:45, 03 февраля 2022, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 243 кишиден вирус аныкталып, төрт бейтап каза болду

Кыргызстанда 3-февралга карата коронавирус дагы 243 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 124, Ош шаарында — 5, Чүй облусунда — 56, Ош облусунда — 5, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 8, Ысык-Көл облусунда — 27, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда — 10 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 617 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 409, Ош шаарында — 4, Чүй облусунда — 129, Ош облусунда — 6, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 15, Жалал-Абад облусунда — 24, Баткен облусунда — 25 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында үч, Чуй облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 969 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 181 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 198 миң 969 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 189 миң 392 киши айыгып чыкса, 2 миң 893 адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18