Жазгуль МАСАЛИЕВА
15:45, 02 февраля 2022, 24.kg

Тажикстанда кыргыз чек арачыларына каршы кылмыш иши козголду

Тажикстандын Башкы прокуратурасы 27-28-январь күндөрү болгон кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча Кыргызстандын чек арачыларына каршы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 2-февралда мекеменин башчысы Юсуф Рахмон билдирди.

Ал кыргыз чек арачылары менен Кыргызстандын айрым жарандарын «конкреттүү кылмыш кылууга» айыптап, ошол эле маалда канча кишиге кайсы беренелер боюнча айып тагылганын так айткан жок.

27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта — Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаган.

Тажикстандын «Ховар» маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18