09:12, 31 января 2022, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 205 кишиден вирус аныкталып, төрт бейтап каза болду

Кыргызстанда 31-январга карата коронавирус дагы 205 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 123, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 26, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 23, Жалал-Абад облусунда — 10, Баткен облусунда — 13 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 596 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 441, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 131, Ысык-Көл облусунда — 4, Жалал-Абад облусунда — 8, Баткен облусунда — 11 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 80 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 238 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 198 миң 316 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 187 миң 596 киши айыгып чыкса, 2 миң 880 адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18