10:31, 27 января 2022, 24.kg

Бишкекте электромобилдерди кубаттоочу станциялардын тармагы ачылды. Даректери

Борбор калаада «Элкуб» компаниясынын Кыргызстандагы биринчи электр унаалары үчүн кубаттоочу станциялар тармагынын расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Эми электромобилдердин ээлери төмөнкү даректердеги станциялардан «кубат» ала алышат:

  • «Томми Молл» соода борбору;
  • «Азия Молл» соода борбору;
  • «Ала-Арча» соода борбору;
  • Фрунзе «Технопарк» гипермаркети;
  • Фрунзе «ТЭЦ» гипермаркети;
  • Фрунзедеги «Жал» гипермаркети;
  • Глобус «ТЭЦ» гипермаркети;
  • Лев Толстой көчөсүндөгү Глобус гипермаркети;
  • Медеров көчөсүндөгү Глобус гипермаркети;
  • «Интермедиа» бизнес борбору.

Ачылышка Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын адистери да катышып, борбор калаадагы экологияны сактоо демилгеси үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18