09:53, 27 января 2022, 24.kg

Кыргызстанда электр энергиясын импорттоо үзгүлтүккө учурады

Түркмөнстан жана Өзбекстандан электр энергиясын импорттоо үзгүлтүккө учурады. Бирок бул ички керектөөгө таасирин тийгизбегенин, кооптонууга негиз жок экенин энергетика министри Доскул Бекмурзаев «Азаттык» радиосуна билдирди.

Министр борбор азиялык энергетикалык шакекчеде авария болгондон кийин борбор калаада жылуулук берүү да үзгүлтүккө учураганын кошумчалады.

25-январда Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында түшкү саат 12де электр энергиясы өчкөн. Бишкектеги Жылуулук электр борборунун да иши үзгүлтүккө учурап, таза суу чыкпай калган. Түштөн кийин бул абал акырындап жөнгө салынып, кечке жуук баш калаада жарык, суу жана жылуулук бериле баштаган.

Доскул Бекмурзаев борбор азиялык энергетикалык шакекчеде болгон аварияны мамлекеттер аралык комиссия иликтей турганын, мындан ары ушундай кырсыктарды болтурбоо аракеттери көрүлөрүн билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматы жарык бериле элек айрым райондордо энергетиктер иштеп жатканын кабарлады.

Кыргызстан «Токтогул» суу сактагычындагы суунун аздыгынан улам жаралган оор кырдаалдын алдын алуу үчүн Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен электр энергиясын алып жаткан. Электр жарыгын Түркмөнстандан да импорттой баштаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18