09:26, 27 января 2022, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 479 кишиден вирус аныкталып, төрт бейтап каза болду

Кыргызстанда 27-январга карата коронавирус дагы 479 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 289, Ош шаарында — 7, Чүй облусунда — 101, Ош облусунда — 18, Талас облусунда — 8, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 16, Жалал-Абад облусунда — 22, Баткен облусунда — 16 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 629 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 548, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 110, Ош облусунда — 12, Талас облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 18, Баткен облусунда — 13 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында жана Чүй облусунда экиден бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 44 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 501 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 197 миң 81 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 185 миң 167 киши айыгып чыкса, 2 миң 862 адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18