16:20, 26 января 2022, 24.kg

Баткендин макамы. Жеңилдик ала турган айылдардын тизмеси кеңейтилиши мүмкүн

Баткен облусундагы чек арага чектеш 62 айылдын тизмеси кеңейтилиши мүмкүн. Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим Алимбаев билдирди.
 
Анын айтымында, тизме боюнча көп кайрылуулар болуп жатат.
 
«Туура, сиздер айтып жаткандай тизмеге Баткен облусунун аймагындагы чек арага жакын айрым айылдары ошол эле кезде кирбей калган экен.Биз, алар кайсы айылдар экендиги боюнча да маалыматыбыз бар.Учурда ошол 62 айылдын тизмесине кирбей калган айрым айылдар боюнча бүгүнкү күндө иштеп жатабыз. Бул маселени жеке мен өзүм гана чече албаймын. Бул боюнча Өкмөттүн атайын комиссиясы да түзүлгөн. Кабыл алынган токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча болгон күч аракетибиз менен иштеп жатабыз», — дейт ал.
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18