17:15, 25 января 2022, 24.kg

Украина кризиси: Батыш өлкөлөрү Чыгыш Европага аскер жөнөтүүгө даярданууда

НАТО Орусиянын Украинага кол салуу ыктымалдуулугуна каршы туруу үчүн Чыгыш Европадагы аскердик күчтөрүн бекемдей турганын жарыялады.

Альянстын сайтындагы маалыматка караганда, НАТОнун көптөгөн мүчөлөрү өз аскерлерин, учактарын жана аскердик кемелерин Чыгыш Европага жөнөтүүгө даяр. Кошмо Штаттар дагы бул аймактагы аскердик күчүн көбөйтүүгө убада берди.

Маселен, Дания Балтика деңизине фрегат жана Литванын аба мейкинигин көзөмөлдөө үчүн F-16 үлгүсүндөгү төрт истребителин жөнөтүүдө. Испания альянстын аскердик-деңиз күчтөрүнө өз кемелерин берип, Болгарияга истребителдерин жөнөтүү ыктымалдуулугун кароодо. Франция НАТОнун башкаруусу алдында аскердик контингентин жиберүүгө даярдыгын билдирди. Нидерланды да Болгарияга F-35 үлгүсүндөгү эки истребителин жөнөтөт.

Буга чейин New York Times Байдендин администрациясы Прибалитика жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнө аскер жөнөтүү ыктымалдуулугун карап жатканын жазган. АКШ Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Жон Кирби 24-январда АКШ Европага 8,5 миң аскерин жиберүүгө даярдыгын билдирген.

АКШ, НАТО жана Киев Украинага жакын аймакта жүз миңдей орусиялык аскерлер топтолуп турганына тынчсыздануусун билдирип, Москва жакынкы мезгилде Украинага басып кириши мүмкүн экенин эскертип келет.

Орусия аскердик операцияга даярдык көргөнүн четке кагып жатат. Ошол эле учурда Москва НАТОдон Украинаны аскердик альянска мүчө катары кабыл албоону талап кылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18