10:10, 24 января 2022, 24.kg

Сузакта унаа бакты сүзүп, эки киши жабыркады

Жалал-Абад — Казарман унаа жолунун 27-чакырымында (Октябрь айылы) Lexus 430 унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сузак районундагы кырсыктын кесепетинен унаа оодарылып, 46 жаштагы К.К. аттуу эркек жана 34 жаштагы Т.М. аттуу аял киши жаракат алышкан.

Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркагандарды тез жардам кызматы облустук ооруканага алып кеткен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18