09:29, 21 января 2022, 24.kg

Саясатчы Бактыбек Калмаматов үй камагына чыкты

Бишкек шаардык соту мурдагы депутат Бактыбек Калмаматовду үй камагына чыгарды. Бул тууралуу шаардык соттон билдиришти.

Калмаматовду Улуттук коопсуздук комитети 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда «Манас» эл аралык аэропортунан кармаган. Атайын кызмат аны «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен айыптаган.

Биринчи май райондук соту саясатчыны 9-февралга чейин абакта калтырган. Калмаматов өзү айыптарды четке кагып, «саясий куугунтук» экенин айтып келет.

Калмаматовдун кармалышы боюнча президент Садыр Жапаров дагы комментарий берген. Ал соңку парламенттик шайлоого «Азаттык» партиясынын тизмесинде талапкер болгон. Аталган партия 5% босого чектен өткөн эмес.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18