15:02, 20 января 2022, 24.kg

УКМК мамлекеттик кызматкерлердин дипломун текшерет

УКМК мамлекеттик кызматкерлердин дипломун жана чет мамлекеттердин жарандыгы жок экендиги текшерилет. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

УКМК акыркы жылдары мамлекеттик кызматкерлердин билими тууралуу жасалма дипломдор менен мамлекеттик кызматка өтүү фактылары көбөйгөнү байкалууда.

2022-жылдын 24-январында башталып, 3 айга созула турган бул текшерүүнүн алкагында, бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин өздүк иштери жана билими бар экендиги тууралуу документтери текшерилет.

Пландалып жаткан текшерүү райондордун жана облустардын айыл аймактарынын башчыларын, министрликтердин жана ведомстволордун, алардын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн деңгээлиндеги мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жана жетекчилерин, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн, Президенттин Аппаратынын кызматкерлерин, жергиликтүү жана шаардык кеңештеринин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, ошондой эле укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлерин камтыйт.

Демилгеленген текшерүүнү эске алуу менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билими тууралуу жасалма документтери бар бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, бардык денгээлдеги депутаттарды ээлеген кызматын өз алдынча бошотуу маселесин кароого чакырат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18