12:01, 20 января 2022, 24.kg

Швецияда уурдалган премиум-класстагы 5 автоунаа Кыргызстандан табылды

Швецияда уурдалган премиум-класстагы 5 автоунаа Кыргызстандан табылды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Интерпол эл аралык кылмыш полициясы уюму тарабынан издөөдө жүргөн бир нече автоунаа Кыргызстандын аймагына алынып келип жатканы аныкталган.

2021-жылдын 30-декабрында ИИМдин Тергөө кызматынын жана Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы автосалондордун бирине тинтүү жүргүзүү учурунда 18 автоунаа токтотуу жайга коюлган, анын ичинен, беш премиум-класстагы унаа 2020-2021-жылдары Швецияда уурдалган.

Учурда унаа уурдоого тиешеси бар адамдарды аныктоо, ошондой эле Интерпол Эл аралык кылмыш полициясы уюму тарабынан издөөгө алынган башка унааларды издөө боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18