11:22, 20 января 2022, 24.kg

Кыргызстанда жашоо минимуму 17 пайызга өстү

2021-жылы жашоо минимумунун көлөмү жалпы республика боюнча 6 миң 268  сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылша салыштырмалуу көрсөткүч 17 пайызга өстү. 

2021-жылы жашоо минимумунун эң жогорку өлчөмү Жалал-Абад облусунда, Ош жана Бишкек шаарларында белгиленди. Ошол эле учурда, 2020-жылга салыштырмалуу жашоо минимумунун эң чоң өсүшү Ош шаарында (19,1 пайызга), Баткен оюлусунда (18,1 пайызга) белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө  ылайык, азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр - 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт. Азык-түлүк корзинасынын  энергетикалык баалуулугу 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18