10:03, 20 января 2022, 24.kg

Алгачкы Индия-Борбор Азия саммити онлайн форматта өтөт

Алгачкы Индия-Борбор Азия саммити 27-январда онлайн форматта өтөт. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Индиянын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) шилтеме кылып кабарлады.

«Онлайн саммиттин жүрүшүндө лидерлер Индия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамилесин жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн жасала турган кадамдарды талкуулап, аймактык жана эл аралык маселелер, анын ичинде аймактагы коопсуздук боюнча пикир алмашышат», — деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Мекемеден белгилешкендей, Нью-Дели бул саммит «Индиянын Борбор Азия өлкөлөрү менен өз ара алакасынын көрсөткүчү болот» деп үмүт артууда.

Буга чейин Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары 26-январда Индиядагы Республика күнүнө карата өтө турган аскердик параддын ардактуу мейманы болору кабарланган. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Индия өкмөтү аймактагы өлкөлөрдүн башчыларына чакыруу да жөнөткөн, бирок коронавируска байланышкан абалдын начарлашынан улам пландар өзгөргөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18