12:11, 19 января 2022, 24.kg

Санарип өнүктүрүү министринин орун басарлары кыскартылат

Жогорку Кеңеште санарип өнүктүрүү министри кызматына талапкерлиги каралып жаткан Талантбек Иманов аталган мекеменин түзүмү, штаты тууралуу суроолорго жооп берди. Ага ылайык, бул министрликте жалпысынан алты миңдей адам иштейт, министрдин беш орун басары бар.

«Борбордук аппаратта 150дөй адам иштейт. Дастан Догоев (мурдагы министр -ред) жакшы команда түзгөн экен. Ушулар менен эле жумушту улантарыма көзүм жетип турат. Беш орун басар көп экен. Ушу тушта штаттык түзүмдү карап жатабыз. Орун басарлардын санын кыскартабыз.

Парламент 19-январдагы жыйынында санирип өнүктүрүү министри кызматына Талантбек Имановдун талапкерлигин карап жатат.

Иманов министрдин милдетин аткаруучу болуп ушул айдын башында дайындалган жана коомчулукта IT тармакка тиешеси жок адамдын келгени талаш-талкуу жараткан. Ал буга чейин «Дастан» заводунда, «Газпром Нефть Азия» ишканасында эмгектенген.

Журналисттер Имановдун Кыргызстандагы энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталган Алексей Ширшов менен жакындыгы болгонун иликтеп чыгышкан.

Маалыматтарга караганда, Иманов 2010-жылга чейин Ширшовдун айдоочусу жана жансакчысы болгон. Апрель ыңкылабынан соң Ширшов өлкөдөн качып кеткен учурда анын үйүндө жашап жүргөнү да айтылган.

Талантбек Иманов мындай маалыматтарга комментарий бере элек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18