11:19, 19 января 2022, 24.kg

Жаңы Салык кодексине кол коюлду

Садыр Жапаров Салык кодексине кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Салык кодекси Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.

Салык кодексинин максаты болуп салык системасынын туруктуулугун камсыздоо, салыктарды администрациялоону оптималдаштыруу, салыктык жол-жоболорду санариптештирүү, ишкердик иштерди жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу саналат.

Кодекс менен салык салууга карата 2 негизги ыкма каралган:

— пайдага салык, сатуу салыгы, кошумча нарк салыгы (КНС) сыяктуу негизги салыктар каралган жалпы салык режими. Жалпы салык режимин жүгүртүүсү 30 млн сомдон жогорку болгон ири бизнес субъекттери тарабынан колдонулат.

— бирдиктүү салыктын негизинде жеңилдетилген салык салуу системасы. Бул режим түшкөн акчанын көлөмү жыл ичинде 30 млн сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердик субъекттерине жайылтылат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18