10:33, 19 января 2022, 24.kg

Жогорку Кеңеш өкмөттүн экономикалык абал боюнча маалыматын угат

Парламент 19-январдагы жыйынында министрлер кабинетинин өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, жазгы-талаа жумуштарына карата даярдык жана коронавирустун жайылуусун болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматын угат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус менен ооругандар көбөйдү. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары. Буга байланыштуу борбор калаада 18-январдан тартып 10дон ашык мектеп жана бир бала бакча карантинге жабылды.

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн аптада коронавирустун «омикрон» штаммы катталганын, өлкөдө COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганын билдирген.

Парламенттин 90 депутаттан турган VII чакырылышы былтыр 29-декабрда ишин баштаган. Жогорку Кеңештин түзүмү спикер, анын үч орун басары жана сегиз комитеттен турат. Ушул жумадан тарта тармактык комитеттер иштей баштады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18