12:55, 18 января 2022, 24.kg

Бишкектин мэриясы мекемелердин алдындагы тосмолорду алып салат

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте администартивдик имараттардын тосмолорун алуу иштерин улантып жатат.

Бул жолу Мамлекеттик салык кызматынын имаратынын темир тосмолорун алып салды.

Photo 245796

Мындан тышкары билдирүү баракчасы берилгенден соң Кусаин Көлбаев атындагы Бишкек автомобил-жол колледжинин тосмолору алынды.

Бул иш-чара «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин кайрылуусунун негизинде жүргүзүлдү. Андан тышкары шаар куруу жана архитектуралык иш чөйрөсүндө бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында өткөрүлдү.

Мэрия мамлекеттик орган жана мекемелердин администрацияларына өз ыктыяры менен тосмолорду алууну суранууда. Бул шаарга жана шаардык кызматтарга олуттуу пайда алып келет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18