10:12, 18 января 2022, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 820 кишиден вирус аныкталып, үч бейтап каза болду

Кыргызстанда 18-январга карата коронавирус дагы 820 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 600, Ош шаарында — 12, Чүй облусунда — 109, Ош облусунда — 4, Талас облусунда — 14, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 40, Жалал-Абад облусунда — 9, Баткен облусунда — 29 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 153 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 93, Чүй облусунда — 16, Ош облусунда — 10, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 20, Баткен облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 967 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 770 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 191 миң 288 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 225 киши айыгып чыкса, 2 миң 836 адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18