10:04, 17 января 2022, 24.kg

Баткен, Ош, Нарын жана дагы кайсы аймактарда кар жаайт

2022-жылдын 17-18-19-январында Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт, - деп маалымдайт Кыргызгидромет борбору.

17-январда күндүз жана 18-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, 18-январда күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ал эми Ысык-Көл облусунда 17-18-январь күнү жаан-чачын күтүлбөйт.

Эртең, 17-январда абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 4…9 градус, Талас облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 4…9 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8, Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5 градуска чейин суук болушу күтүлөт.

Ал эми Ош жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы ​түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11 градуска жетет.

Баткен облусунда болсо түнкүсүн 2...7, күндүз 5...10 градус болот.

Борбор калаабыз Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 5…7 градус болот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18