09:30, 17 января 2022, 24.kg

Түркмөнстанда кайрадан толук локдаун жарыяланды

Түркмөнстанда кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилди. Базарлар, соода борборлору, ресторандар жабылып, бир гана азык-түлүк дүкөндөрүнүн ишине уруксат берилди.

Соода борборлору, базарлар, мейманкана жана дүкөндөр карантинге жабылганын Ашхабад тургундары 15-январь күнү эртең менен билишти.

«Мен үчүн бул күтүүсүз болду. Анткени шаардагы маданий-оюн зоок борборлору жума күнү кечке чейин иштеп жаткан, ишембиде баары жабылып калды. Мекеме жумушчулары карантин жарыяланганын ишемби күнү таң эрте жумушка чыкканда билишти. Жаңы чектөөлөр февралга чейин сакталат», — деди шаар тургандарынын бири.

Борбор калаада театр менен концерттик залдар да жабылды.

15-январда Түркмөнстандын башка аймактарында да карантиндик чектөөлөр жарыяланганы белгилүү болду.

«Аймактар да толук жабылды. Мары облусуна кирип-чыгуу чектелди. Жашоочулардын айтымында, карантин шылтоо гана, бийлик көтөрүлүштөн коркуп жатат», — деди Мары облусунун тургуну.

Түркмөнстан бийлиги азыркыга чейин өлкөдө коронавирус жуктурган учур каттала электигин айтып келет. Эл расмий маалыматка ишенбейт. 2021-жылдын октябрь айында «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булагы өлкөдө коронавирустан кеминде 25 миң киши кайтыш болгонун билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18