09:19, 17 января 2022, 24.kg

Өлкөдө чет жердеги жарандарды ишке орноштуруу борбору түзүлдү

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей,Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет жердеги жарандарды ишке орноштуруу борборун түзүү чечими кабыл алынды.

«Аталган чечим эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоого багытталган» деп айтылат билдирүүдө.

Бейрасмий маалыматтарга караганда, бир миллионго чукул кыргызстандык эмгек миграциясында жүрөт. Алардын көбү — Орусияда. Орусиядан башка Түркия жана Казакстанга да барып иштеген мигранттар көп.

Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүү программасына ылайык, жакынкы беш жылда бийлик өлкөдөгү жумушсуздукту 5,8ден 5 пайызга чейин кыскартууга ниеттенүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18