11:28, 14 января 2022, 24.kg

Бишкекте унаанын ичинде адамдын сөөгү табылды

14-январда Бишкектеги Москва көчөсүндө токтоп турган «BMW X6» үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен болжол менен 25-30 жаштардагы эркек кишинин сөөгү табылды.

Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Аталган аймактагы милициянын нөөмөт бөлүмүнө эртең менен көчөдөгү токтоп турган автоунаанын ичинде жаткан сөөк тууралуу маалымат түшкөн.

Маркумдун ким экени жана 1993-жылы төрөлгөнү аныкталды.

Окуя болгон жерге райондук ички иштер бөлүмүнүн иликтөө-оперативдик тобу барды. Каза болгон адамга карата кандайдыр бир күч колдонуу болгону аныкталган эмес.

Окуя Кылмыш жана жоруктардын реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18