15:30, 13 января 2022, 24.kg

Кыргызстанда 2 айга жете турган ун бар

Кыргызстандын ун комбинаттарында элди 1,5-2 айга камсыз кылуу үчүн ун жана дандын кору бар. Бул тууралуу маалымат жыйынында Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Рустам Жунушов билдирди.

Анын айтымында, мурда түзүлгөн келишимдер боюнча дан Россиядан ташылып келүүдө.

«Эгерде ун өлкө чегинен тышкары мыйзамсыз жол менен чыгарылбаса жана Россиядан дан тынымсыз келип турса, анда Казакстандын чек аралары жабылып турган мезгилде дагы элди ата мекендик ун менен камсыз кылуу мүмкүн. Ата мекендик ун комбинаттары дан бар болгон учурда калкты ун менен 100% камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү жетет», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18