09:04, 13 января 2022, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 742 кишиден вирус аныкталып, үч бейтап каза болду

Кыргызстанда 13-январга карата коронавирус дагы 742 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 632, Ош шаарында — 8, Чүй облусунда — 42, Ош облусунда — 5, Талас облусунда — 8, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 22, Жалал-Абад облусунда — 15, Баткен облусунда — 8 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 100 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 58, Чүй облусунда — 7, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 16, Баткен облусунда — 7 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 580 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 95 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 187 миң 620 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 629 киши айыгып чыкса, 2 миң 826 адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18