11:00, 12 января 2022, 24.kg

Акбөкөн Таштанбеков Жогорку Кеңеште ант берди

Жогорку Кеңеште № 30 Ысык-Ата округунан депутат болуп шайланган Акбөкөн Таштанбеков 12-январда ант берип, кызматка киришти. Аны эки күн мурда Бишкектеги Свердлов райондук соту үй камагына чыгарган.

«Ооган согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын» лидери Таштанбековду Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) «Улут аралык жана аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси менен айыптап декабрдын башында камакка алган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) сот чечими жоктугуна байланыштуу Таштанбековго 31-декабрда депутаттык күбөлүк менен төш белги тапшырган.

Атайын кызмат анын шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда социалдык тармактарда тарап кеткен «видеосу коомчулукта терс пикир жараткан» деп билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18