09:43, 12 января 2022, 24.kg

«Жер-Ынтымагы» конушунун тургундарына 497 техникалык паспорт берилди

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин акыркы маалыматы боюнча, 11-январга карата «Жер-Ынтымагы» конушунун тургундарына 497 техникалык паспорт берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жалпы жолунан 1 миң 70 арыз кабыл алынып, 8 учурда баш тартылган жана 852 техникалык паспорт даярдалган.

Ошондой эле, «Ала-Тоо», «Дордой», «Арча-Бешик», «Керамическая», «Төкөлдөш», «Ак-Ордо», «2-Черепки», «Кара-Жыгач», «Тынчтык», «Учкун» конуштарынан 2021-жылдын 13-декабрынан бери 443 арыз кабыл алынган.

Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18