09:32, 12 января 2022, 24.kg

Назарбаевдин кенже кызы менен байланышы бар компанияны жабуу тапшырылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11-январда парламентте сүйлөп жатып «Оператор РОП» компаниясынын ишмердүүлүгүн токтотууну тапшырды. Бул ишкананы Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кенже кызы Алия Назарбаева менен байланыштырып келишет.

«Оператор РОП» деген компаниянын ишмердүүлүгү ишкерлер арасында жана жалпы эле коомчулукта көптөгөн суроолорду жаратып келет», — деди Токаев.

2015-жылы пайда болгон компания таштандыларды чогултуп, иштеткени үчүн мекемелерден атайын төлөм чогултат. Ушул кезге чейин миллиондогон долларларды чогултканы маалымдалган.

Расмий кабарларга караганда, 2020-жылга карата «Оператор РОП» ишканасынын үч эсебине 220 миллиард теңге түшкөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18