15:01, 11 января 2022, 24.kg

Түркияда кыргыз кыздары сексуалдык кулчулуктан куткарылды

Түркиянын Ялова шаарында атайын уюштурулган операциянын негизинде жети өзбекстандык, үч кыргызстандык кыз-келиндер куткарылганы кабарланды. Алар күч менен сойкулукка мажбурланганын 10-январда жергиликтүү «Ихлас» маалымат агенттиги билдирди.

Жалпысынан 14 түркиялык жаран чет өлкөлүк кыз-келиндерди сойкулукка мажбурлаганы аныкталып, камакка алынган. Алардын арасында төрт киши мамлекеттик кызматкер экени айтылат.

Тинтүү жүргүзүлгөн үйлөрдөн ондогон тапанча, 15 чөнтөк телефон жана акча табылган.

Суракка алынган 19 жаштагы кыргызстандык кыз аны иштеткен кишилер боюнан алдыртканын, дарылануусу бүтө электе сойкулукка мажбурланганын айтып берген. Куткарылган 10 чет өлкөлүк кыз-келиндер өлкөлөрүнө депортацияланганы кабарланды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18