17:38, 10 января 2022, 24.kg

Алматыда бир кыргыз жараны каза болду

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев Алматыдагы башаламандыктан бир кыргызстандык каза болгонун «Азаттыкка» кабарлады.

«Алматыда фитнес-машыктыруучу болуп иштеген бир кыргызстандык жаран каза тапты. Анын тек-жайын аныктоо, сөөгүн алып келүү боюнча элчиликтин кызматкерлери иштеп жатат», — деди ал.

Элчи Дүйшекеевдин айтымында, Казакстандын күч түзүмдөрү соңку окуялардан Кыргызстандын канча жараны кармалганы тууралуу расмий маалымат бере элек. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын атуулдарына жардам берүү үчүн атайын ыкчам байланыш номурларын уюштурган.

Казакстандагы башаламандыктарда канча киши көз жумганы азырынча белгисиз. Бийлик буга байланыштуу расмий билдирүү тарата элек. Буга чейин Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги 164 адам өлгөнүн жарыялаган, бирок көп өтпөй өкмөт муну «техникалык» ката деген негизде четке каккан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18