12:51, 10 января 2022, 24.kg

COVID-19. Акыркы үч күндө ооруканага түшкөндөрдүн саны өсүүдө

Республикалык инфекциялык ооруканага коронавирус менен жаткырылгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу 24.kg оорукананын башкы даарыгери Гулжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, акыркы үч күндө кайрылгандардын саны өстү.

«Буга чейин күнүнө 20-30 киши кайрылып, 15 адам ооруканага жаткырылып жатса, кечээ кайрылгандардын саны 50гө жетип, 37 киши жаткырылды. Анын үчөө жандандыруу бөлүмүндө. Бири дагы эмделген эмес, өз алдынча үйдө дарыланууга аракет кылган», — дейт Гулжигит Аалиев.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен ооруканада дагы 200 орун түзүлдү. 300 орундууу кошумча эки жандандыруу бөлүмү ачылып жатат. Гүлжигит Аалиевдин айтымында, шаардык балдар ооруканасына кайрылган бейтаптардын дагы саны өсүүдө.

«Кечээ ал жакка 37 бала жаткарылды», — дейт Гулжигит Аалиев.

Кыргызстанда 10-январга карата коронавирус дагы 198 адамдан аныкталды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18