09:00, 10 января 2022, 24.kg

ЖККУнун аскерлери Казакстанда абал «толук турукташканга чейин» калат

азакстанга жөнөтүлгөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) аскерлери Алматы шаарындагы жана анын айланасындагы «стратегиялык объектилерди» өз көзөмөлүнө алышты. Бул тууралуу ЖККУнун өлкөдөгү контингентин башкарып жаткан генерал-полковник Андрей Сердюков билдирди.

Анын айтымында, аскерлер Казакстанда «өлкөдөгү абал толук турукташканга чейин» калат.

Азырынча Казакстанга кирген ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскерлеринин так саны боюнча расмий маалыматтар жок, алар бир нече миң деп бааланууда. Алардын көбүн Орусиянын аскерлери түзөт.

Алматыдагы башаламандыктарга байланыштуу ЖККУга жардам сурап кайрылган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев уюмдун аскерлери өлкөгө кыска гана мөөнөткө киргизиле турганын айткан. Казак бийлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө өлкөдө кырдаал турукташа баштады. Жекшемби күнү эч кандай атышуу болгон жок, нааразылык акциялар да өткөн жок.

9-январда Казакстандын бийлиги алгач өлкөдөгү башаламандыктардан 164 киши каза болгонун билдирди.

7-январда бийлик 16 укук коргоо кызматкери каза болуп, 26 «террорист» өлтүрүлгөнүн кабарлаган. Бирок күбөлөр күч түзүм кызматкерлери куралсыз адамдарга да ок чыгарышканын билдирүүдө. 

Буга чейин Токаев укук коргоо органдары эскертүүсүз ок атууга укуктуу экенин айткан. Анын мындай буйругу эл аралык укук коргоо уюмдары тарабынан сынга алынган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18