14:53, 27 декабря 2021, 24.kg

Равшан Жээнбеков абактан бошотулду

Саясатчы Равшан Жээнбеков абактан бошотулду. Бул тууралуу анын уулу Азат Равшан билдирди.

Маалыматка караганда, Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык № 1 тергөө абагында кармалып жаткан саясатчы үйүнө чыгарылды.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган. Бирок, «үй камагынын талаптарын бузду» деген негизде быйыл 5-августта кайра № 1 тергөө абагына камакка алынган.

Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаевдин бир топ тарапташы жана Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодурановага, Ирина Карамушкинага үй камагында отурган.

Бул иш боюнча айыпталып жаткан Фарид Ниязовдун дагы бөгөт чарасы жокко чыкты. Бирок ал Октябрь окуясы боюнча дагы айыпталууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18