09:29, 27 декабря 2021, 24.kg

Казакстан Ооганстанга ун экспорттоону улантат

Казакстан Ооганстан менен соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов 25-декабрда Кабулда «Талибан» кыймылы түзгөн ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолукканда билдиргенин ал башкарган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, министр Бахыт Султанов жетектеп барган казак делегациясы Нур-Султан Ооганстанга ун жана дан азыктарын экспорттоону улантууга жана ал жактан жер-жемиштерди сатып алууга даяр экенин билдирген.

Ооганстанга бир жылда керектеген ундун жалпы көлөмүнүн басымдуу бөлүгү Казакстандан барат. Казакстандын өзүндө өндүрүлгөн ундун жарымына жакыны жана дан эгиндеринин 10% ооган рыногуна багытталган.

Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын январь-октябрь айларында Ооганстан менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 345 миллион долларды түзгөн. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 27,5% төмөн.

«Талибан» кыймылы Ооганстанда бийликти басып алгандан бери казак өкмөтүнүн өкүлдөрү талиб жетекчилери менен бир нече жолу жолугушту. Министр Султанов баштаган бул жолку делегация талиб өкмөтүндөгү премьер-министрдин орун басары Абдула Салам Ханафи, тышкы иштер министр Амир Хан Муттаки жана соода министринин милдетин аткаруучу Нуриддин Азизи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18