14:40, 24 декабря 2021, 24.kg

Баткенде жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы Апсамат Масалиев атындагы орто мектептин имаратынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.

Имарат жалпысынан 275 орунга ылайыкташып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен салынган.

Белгилей кетсек А.Масалиев атындагы орто мектептин курулушу 2021-жылдын 23-майында башталып, «Аминь» ЖЧК тарабынан курулуш иштери жүргүзүлгөн. Жаңы мектеп заманбап эмеректер менен толук шартта курулуп пайдаланууга берилүүдө.

Кызыл-Бел айылынын тургундары жергиликтүүлөрдүн социалдык маселерине көнүл буруп жаны мектептин курулуусу боюнча өлкө башчысына өздөрүнүн ыраазычылыгын айтышты.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү максатында өлкө башчысынын атайын жарлыгы чыккан. Ага ылайык, Баткен облусунун аймагында 8 социалдык объектилердин курулуш иштерине жана капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн республикалык бюджет эсебинен 250 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18