10:24, 24 декабря 2021, 24.kg

Сузактагы 9 жашар кыздын өлүмүнө шектүүгө психиатриялык экспертиза дайындалды

Сумая Хосилжанованын өлүмүнө шектүүгө соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБисинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, кылмышка шектелип Сузак районунун тургуну 1973-жылы туулган У.А. аттуу жаран кармалган. Милициянын маалыматында, ал күнөөсүн мойнуна алып, Сумаяны үйдүн жер төлөөсүндө кармаганын кабарлайт. 

Тергөөнүн жүрүшүндө У.А. аттуу жаран Жалал-Абад областтык ооруканасынын психоневрология бөлүмүндө жин оорусу менен стационардык тартипте дарылангандыгы аныкталды.

Ошондуктан Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 186-бер. (Экспертиза жүргүзүү үчүн адамдарды медициналык мекемеге жаткыруу) негизинде У.А. аттуу жаранга карата 2021-жылдын 23-декабрында соттук-психиатриялык экспертиза дайындалып, аны ыкчам өткөрүү жагы Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканасынын эксперттерине тапшырылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18