24.kg
12:23, 23 декабря 2021, 24.kg

Кара-Кечеде ок атылды. «Кыргызкөмүр» ишканасынын билдирүүсүндө учурда абал тынч

Кара-Кечеде көмүр ташыган айдоочулар менен кенди кайтарган атайын даярдыктагы «Альфа» бөлүмүнүн кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан. Окуянын видеосу социалдык тармактарда тараган.

«Кыргызкөмүр» ишканасынын басма сөз кызматынан окуянын чоо-жайы тууралуу айтып беришти.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда Кара-Кечеде абал тынч, жумуш штаттык режимде жүрүп жатат.

«Бул окуя бир нече күн мурун болгон. Маалыматтар боюнча, «Альфанын» кызматкерлери менен айдоочуларды уруштуруу максатта үчүнчү күчтөр чагымчылдык аракеттерди жасашкан. Деталдуу түрдө маалыматтарды алуу үчүн УКМКнын маалымат кызматынан алсаңыздар болот», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18