24.kg
19:00, 22 декабря 2021, 24.kg

Жогорку Кеңеш Салык кодексинин жаңы редакциясын жактырды

Жогорку Кеңештин депутаттары Салык кодексинин жаңы редакциясын үчүнчү окууда жактырды.
Добуш берүүгө коюлганда 83 депутат макул болуп, экөө каршы чыкты.
 
Аталган кодекс президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. Буга чейин 2022-жылдын 1-январынан тарта колдонууга чыгаруу сунушталган болчу.
 
Жаңы редакциядагы Салык кодексинин долбоорун министрлер кабинети иштеп чыккан.
 
Кыргызстандын Салык кодекси алгач 1996-жылы кабыл алынган, кийин 2008-жылы толугу менен өзгөртүлгөн. Ушуну менен үчүнчү ирет жаңыланып жатат. Салык тармагын тескеген документтин долбоору 449 беренеден турат, бул учурдагы кодекстен 46 беренеге көп.
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18