24.kg
12:22, 22 декабря 2021, 24.kg

Жогорку Кеңеш Бакыт Жетигеновду жоопко тартууга макулдук бербеди

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигеновду жоопко тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун парламент четке какты. Депутаттык комиссиянын төрайымы Айсулуу Мамашова прокуратуранын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы каралып чыкканын билдирди.

«Бирок кылмышка жүйө катары алынган аудиотасмалардан бийликти күч менен басып алууга байланышкан чакырыктар табылган жок. Андан тышкары, Бакытбек Жетигенов жолугушууларды уюштурган эмес, аны депутат катары гана чакырышкан. Тескерисинче, ал азыркы аракеттеги бийликтин саясатын колдоого үндөгөн», — деди.

Депутаттык комиссия Жетигеновду мыйзам талаптарына ылайык камактан токтоосуз бошотууну сунуштаганын маалымдады.

Жыйынтыгында комиссиянын маалыматын эске алуу менен Жетигеновду кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартуу тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. Аны 88 депутат колдоду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18