24.kg
11:22, 22 декабря 2021, 24.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутатын УКМК суракка алып кетти

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылганын билдирди. Бул тууралуу анын видеокайрылуусу социалдык түйүндөргө тарады.

Калмаматовдун белгилешинче, 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда чек арачылар ага өлкөдөн чыкканга болбой турганын, ушундай буйрук бар экенин айтышкан. Кийин ага атайын кызматтын эки өкүлү келип, «күбө катары суракка чакырылганы» тууралуу кагаз беришкен.

Муну өзүнүн конституциялык укугун бузуу деп баалаган Калмаматовдун кайсы иш боюнча суракка чакырылганы расмий айтыла элек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18