24.kg
08:56, 20 декабря 2021, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 23 кишиден вирус аныкталып, бир бейтап каза болду

Кыргызстанда 20-декабря карата коронавирус дагы 23 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 19, Ош шаарында — 1, Жалал-Абад облусунда — 2, Баткен облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 29 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 19, Ош шаарында — 5, Чүй облусунда — 2, Ош облусунда — 2, Жалал-Абад облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 301 бейтап, амбулатордук түрдө 338 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 218 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 311 киши айыгып чыкса, 2 миң 784 адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18