24.kg
10:39, 17 декабря 2021, 24.kg

Кыргызстан «Центерра» компаниясын сотко берди

Кыргызстан канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясын «Кумтөр голд» ишканасынын кызматкерлеринин укуктары бузулган деген негизде сотко берди. Мындай маалыматты «Кумтөрдүн» басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады. Буга чейин доо тууралуу Mining weekly басылмасы жазып чыккан.

Доо арызда Центерра 2021-жылдын май айында Кыргызстан «Кумтөр голд» ишканасына тышкы башкаруу киргизердин алдында компьютерлерге кирүүгө бөгөт койгону айтылат. Кыргыз тарап «Центерра Голд Инктин» аракеттери компаниянын кызматкерлеринин укуктарын жана коопсуздугун одоно бузган деп баалаган.

«Центерра» Кыргызстандын аракети тууралуу комментарий бере элек.

Жазында «Кумтөрдүн» тышкы менеджери болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк ишканадагы коопсуздук, мониторинг жана операциялык системалар өчүрүлгөнүн жарыялаган. Бирок, ал кыйынчылыктар көп өтпөй жоюлганын билдирген.

Кыргызстан Кумтөр алтын кенине ушул жылдын май айында тыштан башкаруу киргизип, көзөмөлдү толугу менен өз колуна алган.

Кенди иштетип келген канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясы менен эл аралык арбитражда сот уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18