24.kg
09:45, 17 декабря 2021, 24.kg

Садыр Жапаров өз администрациясы менен футбол ойнойт

Садыр Жапаров башында турган президент администрациясынын командасы бүгүн, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган достук оюнга катышат.

Иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган.

Аталган турнирдин башкы максаттарынын бири өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле сергек жашоо образына үндөө экени белгиленет.

Беттештерге президент администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышат.

Оюндар «Спорт» (КТРК) телеканалынын түз эфиринде жана соцтармактардын баракчаларында чагылдырылат.

Түз эфир башталышы — 13:45.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18