24.kg
15:46, 16 декабря 2021, 24.kg

Чек ара кызматы: Кыргызстандан Ооганстанга күйүүчү май экспорттолгон жок

Мунай жана мунай зат продукциялары Кыргызстандын аймагынан чыгарылган жок. Бул тууралуу чек ара кызматы билдирди.

Чек ара кызматы Ооганстанга күйүүчү май экспорту жүрүп жатканын четке кагат.

Мекеме 2021-жылдын 16-декабрына карата өкмөттүн токтомуна ылайык, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу, жарандарды, автоунааларды жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулганын белгилейт.

2021-жылдын 1-мартындагы токтомуна ылайык, мунай жана мунай продуктуларын ЕАЭБдин чегинен тышкары экспорттоого дагы тыюу салынган.

Pajhwok басылмасы Ооганстанга Кыргызстандан мунай зат экспорттоло баштаганын жазып чыкты. Мунай зат Кундуз аймагындагы Шерхан-Бандар портуна келген.

Белгилей кетсек, апта башында тажик тарапка бара жаткан бензовоздордун видеосу интернетте жарыяланган. Чек ара кызматы аны четке каккан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18